www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын борбор калаасы Анкаранын көчөлөрүндөгү жарнамалык LED-экрандардан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Караколдо лыжа тээп жүргөн видеоролиги көрсөтүлүп жатат.

Ал учурдун видеосун тартып алып, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Twitter каналына жарыялаган.

Анда Жапаровдун видеосу Анкаранын борбордук району Этимесгутта сегиз LED-экрандан көрсөтүлүп жатканы айтылган.

"Кышкы туризм дүйнөсүнө бир сүңгүп кетиш үчүн Кыргызстанга чакырабыз", — деп айтылган роликте.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жарнамалык сапаттуу роликтер Кыргызстандын тоо туризмин алдыга жылдыруу үчүн тартылганын билдирди.

"Бул роликтер 6-7, тагыраагы, англис, немец, түрк, араб, кытай жана орус тилдерине которулду", — деп билдирген ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров январдын башында "Каракол" базасында лыжа тээп, Кыргызстандагы кышкы туризмди жарнамалап, өлкөгө келип эс алып кетүүгө башкаларды чакырган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости