www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Убактылуу Афганистан өкмөтүнүн түзүлгөндүгүн колдоп, кызматташууга даяр. Бул туурасында Өзбекстандын ТИМи расмий билдирүү жасады.

"Өзбекстан Убактылуу Афганистан өкмөтүнүн түзүлгөндүгүн колдойт. Бул чечим аталган өлкөдө улуттук кеңири макулдашуунун, тынчтыктын бекемделишине жана туруктуулуктун башталышы болоруна ишеним артабыз. Жаңы Афганистан мамлекети менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө, өз ара кызматташууга даяр экендигибизди билдиребиз", — деп айтылган билдирүүдө.

Эске салсак, 7-сентябрда "Талибан"* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид маалымат жыйын учурунда Афганистан өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялап, бул курам убактылуу экенин айткан. Андан сырткары, жаңы өкмөттүн мүчөлөрү 11-август күнү ант беришери да кабарланган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан. Акыркы учурда маалымат талаасында Панжшердеги талибдер менен каршылык көрсөтүүчү күчтөр боюнча эки жактуу кабарлар айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости