www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Түркиядан калемпир менен помидорду алып келүүгө тыюу салды. Мындай чечим бул жашылчалардан вирустун табылгандыгына байланыштуу кабыл алынды.

11-февралда Түркиянын карантиндик жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмуна Өзбекстанга жөнгө салынуучу продукцияны ташып келүүдө белгиленген фитосанитардык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.

«Уздавкарантин» инспекциясы тарабынан Түркиянын Бурса аймагынан алынып келинген 85 кг помидордун уруктарынан «күрөң бырыш вирусу» табылды», — деп билдирди инспекциянын басма сөз кызматы.

Буга байланыштуу помидор менен калемпирдин уруктарын Бурса аймагынан экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди.

Бүгүнкү күнгө чейин инспекцияга Түркиянын компетенттүү органы жооп бере элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости