www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы социалдык тармактардын ишин чектеп, муну аталган платформалар жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол бергендиги менен негиздеди.

Бул маалыматты аталган мекеменин сайты жарыялады. Анда “тиешелүү социалдык тармактар аныкталган кемчиликтерин жойгонго чейин чектөө алынбай турганы” айтылган. Мекеме так кайсыл коомдук сайттар чектөөгө алынганын ачык айткан жок. Gazeta.uz жазгандай колдонуучулар “Twitter”, “TikTok” жана “ВКонтакте” үзгүлтүк менен иштеп жатканын даттанышты. Медиафайлдар өтө жай жүктөлүп, айрым учурда такыр эле иштебей калууда. Skype дагы иштебей калды дейт колдонуучулар.

Басылманын маалыматына караганда, Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы май айында “ВКонтакте”, “Twitter” жана “WeChat” кат алышуу кызматынын ээлерине "мыйзамдын 27-1-беренесин сактоого" эскертүү берген экен. Мыйзамдын бул беренесинде Өзбекстан жарандарынын жеке маалыматтарын өлкө ичинде гана иштелип чыккан серверлерге жайгаштыруу тууралуу айтылган.

Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Tik Tok” колдонуучуларын мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы Амир Темирдин (Тамерлан) жана акын Алишер Навоинин тарыхый эстеликтерин мазактады деп сынга алганы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости