www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапарынын алкагында Азербайжан Тышкы иштер министрлигине караштуу Азербайжан Дипломатиялык академиясы университетинин ректору – Азербайжан тышкы иштер министринин орун басары Хафиз Пашаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, тегерек столдорду, илимий-практикалык конференцияларды, өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай темалардагы семинарларды өткөрүүнү, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын окутуучуларынын жана кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, бир семестрге (магистратура) студенттердин жана окутуучулардын академиялык алмашуусун, илимий жана усулдук адабияттар, басылмалар, окуу жана көрсөтмө куралдарын, маалыматтык материалдар менен алмашууну талкуулашты.

Министрге Х.Пашаевдин Азербайжан дипломаттарынын күнүмдүк китептеринин бири болгон, кыргыз тилине которулган «Бир элчинин манифести» китеби белекке берилди.

Тараптар эки өлкөнүн дипломатиялык академияларынын ортосундагы байланышты максималдуу түрдө активдештирүүнү, академиялык чөйрөлөрдүн биргелешкен иш-чараларын өткөрүүнү жана студенттердин алмашуусун түзүү жөнүндө макулдашты. Х.Пашаев КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректорун Азербайжан Дипломатиялык академиясы университетине келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын жана Азербайжан Дипломатиялык академиясы университетинин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости