www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынын имаратынан чыгып кетери менен ал жакты мародёрлор тоношту. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. 

Маалыматка караганда, АКШ аскерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Баграмдан чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат бербегендиктен, имаратты эч ким кайтарууга алган эмес. Адистер бул америкалыктар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин болчу башаламандыктын алгачкы гана белгиси деп эсептөөдө.

Эске салсак, АКШ Афганистандан аскерлерин быйылкы жылдын 11-сентябрына чейин толук чыгарып кетиши керек. Учурда алар четинен кете башташты.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Афганистандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранган. Вашингтон өз жардамчыларын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерине жайгаштырууну көздөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости