www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уландысы...
Бүгүнкү коңшу Өзбекстан жана Таджикстан менен болуп жаткан «чырларга» убагында кетирген өзүнүн аракетсиздиги менен Акаев түздөн-түз күнөөлүү.
Эмне дегенде 1990-жылдардын башында СССР таркап, ар бир мурдагы союздук Республикалар эгемендүүлүгүн алышаары менен, бардыгы өз аймагынын чек арасын бекемдөө иштерин баштаган. Мисалы Өзбекстандын президенти Каримов 1992-1997-жылдар аралыгында, бүтүндөй Кыргызстан менен чектелген чек арасын бир тараптуу белгилеп жаап салган.
Ошондо Аксы районундагы эле 130 км дан ашык чек ара тилкеде, айлабыз кеткен кыргыздар 4-5 жерден айлампа жол курууга аргасыз болдук. Өзбектер чек арасын улам айлампа жолго дейре чыгарып жатты. Акаев мамлекет башчысы катары Каримовду эл аралык укуктардын чегинде тыйып, чек ара талашкандын ордуна, батыштан завод-фабрика, колхоз-совхоздорду жоюу үчүн саясий шарттар менен берилген кредиттерди жана демократиянын ордуна анархия менен коррупцияны Кыргызстанга ташып жүрдү.
Ушундай эле көрүнүш бардык коңшу өлкөлөр менен болду. Акаевдин алашемдигин байкаган бардык коңшу өлкөлөр, «талаш участокторду» Кыргызстандын эсебинен чийип, белгилеп жүрүштү. Акаев кызматтан кеткенге чейин же 2005-жылга чейин кол коюлган бардык чек ара келишимдери негизинен коңшу Кытай, Казакстан, Өзбекстан тараптарынан даярдалып, Акаев же анын командасы жөн гана кол коюп берип жүргөн документтер.
30 жылдык эгемен тарыхыбызда чек ара маселесинде биринчи жолу Жапаров - Ташиев бийлиги коңшу өлкөлөргө өз позициябызды бекем кармап, демилгени колго алып, «бул мындай болот» деген үчүн муну күтүшпөгөн коңшу өлкөлөрдүн башчылары бүгүн чок баскандай «чоочуп» жатышат... Акаевдин «Кытай менен болгон талаш беш участок Советтер Союзунан же 1969-жылдан бери келе жаткан» - дегени да өзүнчө жомок. Кайра-кайра калпты айткандан көрө элге жана журналисттерге бир жолу «мына документ» - деп Н. Косыгин кол койгон 1969-жылкы документти көрсөтүп койбойбу?!
Андай документ жок экенин, Кытай доомат кылган участоктор Кыргызстанга тиешеси жоктугун, ошон үчүн 1992-жылы Кытай коңшу өлкө катары Кыргызстанды эгемендүү мамлекет катары тааныганда, Кыргызстанга эч кандай чек ара маселесинде дооматы жоктугун, ошол эле учурда Кыргызстан Кытайды тааныганда, Тайвань аралы Кытайдын бөлүгү катары таанытып кол койдурганын, ошол келишимде Акаевдин колу турганын, бул фактылар 2-чакырылыштагы парламентте эчен жолу тастыкталып, документтерге чейин коомчулукка чыгарылган.
Үзөңгү-Кууш боюнча 2001-жылы КРнын ТИМде эч кандай документ жоктугу боюнча расмий кат да Жогорку Кеңешке берилип, кийин Кытай даярдап келген кошумча келишимге Акаев өзү кол коюп бергени, бул маселе көтөрүлгөндөн кийин анча-мынча эле документ кошумча даярдалганы Жогорку Кеңеште, Конституциялык Сотто далилденгенин, ал кошумча келишим Жогорку Кеңештен мыйзамсыз, үчтөн эки эмес, 60 депутаттан 36нын гана макул деген добушу менен ратификация болгонун Акаев дагы деле айткысы келбейт.
Ал түгүл өзү кол койгон үч тараптуу келишим менен (2001-ж. Казакстан-Кыргызстан-Кытай) мурда Кыргызстанга гана тиешелүү болгон Хан-Теңиринин чокусуна азыр үч мамлекет Кыргызстан, Кытай, Казакстан ээлик кылаарын, ал үч өлкөнүн чектери тогошкон точка болуп эсептелерин да жашырып, айткысы келбейт же чындап эле билбейт.
Билбейт дейин десең Акаевдин өзүнө, өкүлдөрүнө Парламентте, коомчулукта, ММКда нечен жолу айтылмак тургай, импичмент маселесине чейин айтылып, ошондон депутат Бекназаров камалып, аны коргойбуз деп Ш. Назаркулов саясый ачкачылыктан, Аксынын 6 азаматы окко учуп, Кыргызстанда биринчи жолу Акаевдин мезгилинде бийлик өз элинин канын төкпөдүбү? Аны кантип билбейт! Ушул тарыхый чындыкты да жашыргысы келет.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров
(Уландысы бар...)
Булак: NazarNews.kg