www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Путин кыргыздан ылдый турган тажиктерге күнү түштү. Мындай пикирди коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев социалдык баракчасына жазды.
--“Мен олуя болбой эле койоюн Путин менен Ырахмандын ооматтары оодарылып калгансып турат. Ушул күнгө чейин Путинге баа берип, азыркы учурда дүйнөдөгү эң күчтүү лидер деп эсептөөчү элем. Ал эми Ырахманды болсо акылмандык келген кези, аксакал болуп тынч жашоону каалап өз өлкөсүн бир калыпта кармап келе жатат деп ойлогом.
Бүгүнкү күндө момун кыргызга бүлүк салган, бир түрү суук шүмшүк эшек тээрисин жамынган акмак адамдар сыяктуу көрүнүп калды. Өңдөрүнүн жылдызы өчкөн, кан сөөлөтү кеткен, алдыда буларды бир жаман тагдыр күтүп турган сыяктуу болуп турат. Путин Орто-Азиядагы жакшы жоокерлеринен ажырагансыйт. Жалгыз лөлүсү көп, кыргыздан өйдө турбаган тээжиктерге күнү түшкөнсүйт.
Эми Путин жөнүндө видеолорду көрбөйм, падыша деген ушундай болуш керек деп баалап карачу элем. Эмнегедир Баткен окуясынан кийин ушул Путин кыргыздын жылдызын өчүрөм деп, туура эмес төлгөгө түшүп калды. Мындан ары Путинде касиет жок, баркы күндөн - күнгө ылдыйлай бермекчи. Эмнегедир кыргызга аалам болушкансыйт. Мен мындай туюмду бүгүн таңкы 5тен баштап жаздым”, - дейт Акматалиев.
Булак: NazarNews.kg