www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Жизак облусундагы Тангисай тоосунда мыйзамсыз алтын казып жүргөн эки киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Булакбаши айылынын 1995чи жана 1977-жылы төрөлгөн эки тургуну Тангисай тоосунда мыйзамсыз алтын казып жүргөнү аныкталды. Алардын жанында электр кыймылдаткыч, перформатор болгон. Ар биринен 10 килограммдан кен табылды», - деди мекеменин өкүлү.

Азыркы учурда бул факты боюнча райондук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, быйыл августта жергиликтүү маалымат каражаттары Навоидеги эски алтын кенинен 230 миллион сумга бааланган (23 миң долларга жакын) алтын уурдаган бир нече киши кармалганын кабалашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости