www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сурхандарья облусунда маңзат менен кармалган адам аны жергиликтүү имамдан сатып алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Денау шаарынын тургуну 21-февралда кармалып, жанынан 4,6 грамм марихуана табылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал маңзатты жергиликтүү мечиттин имамынын Мелибоев А. аттуу 29 жаштагы жардамчысынан сатып алынганы аныкталган.

Мелибоев кармалгандан кийин ири баңги төбөлдүн изине түшүүгө мүмкүн болгон. Укук коргоо кызматкерлери Кендаев С. аттуу жаранды колго түшүрүп, үйүнөн 10 килограмм 7,17 грамм гашиш жана 3 килограмм 675 грамм марихуана табышкан. Учурда ыкчам тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости