www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы айларда Өзбекстанда картошканын баасы дээрлик төрт эсеге жогорулады. Учурда Ташкент базарларында анын бир килограммы 7-8 миң сумдан (1 АКШ доллары) сатылууда. Былтыр декабрдын башында картошканын килограммы 3 миң сумдан, ноябрдын ортосунда 1,5 миң сумдан сатылып жаткан.
Өлкөнүн айрым облустарында жергиликтүү бийликтер атайын дүкөнчөлөрдү уюштуруп, аларда картошка салыштырмалуу арзан сатылууда. Бирок мындай чаралар да картошка баасынын кымбатташын токтото албай жатканы айтылууда.
Өзбекстанда баалардын жогорулашын жаздын кеч келиши жана өткөн жылдагы түшүмгө терс таасирин тийгизген зыянкечтердин көп болушу менен байланыштырып жатышат.
2016-жылы өлкөдө 2,6 миллион тоннадан ашык картошка жыйналган. Бийлик 2020-жылга чейин аны 3,6 миллион тоннага чейин жеткирүүгө ниеттенүүдө.
Булак: "centralasian.org"