www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Илимдер академиясынын алдындагы геномика жана биоинформатика борборунун кызматкерлери коронавируска каршы жей турган вакцина иштеп чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

"Биз клондоштуруу жолу менен өсүмдүккө коронавирусту киргиздик. Бейтап "эмделген помидорду" жегенден кийин ал адамдын организмине кирип, помидордун клеткасынан антитело бөлүнүп чыгат", — деди окумуштуулардын бири.

Илимпоздор бул долбоор менен ушул жылдын январь айынан бери иштеп келе жатканы айтылды. Помидор менен бадыраң жөн жерден тандалып алынган эмес. Аларды ысыкка койбой жеш керек. Анткени ысыкта антитело бөлүп чыгарган клеткалар талкаланып, вакцина жараксыз болуп калат.

Эске салсак, буга чейин Россияда коронавируска каршы йогурт сымал вакцина жасалганы маалымдалган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости