www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда соңку күндөрү коронавирус жуктургандардын саны тездик менен өсүп, оорудан өлгөндөр дагы көп катталууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары Өзбекстандын Республикалык штабына шилтеме берип жзып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечээ 486 адамдан COVID-19 аныкталып, антирекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Жекшембидеги статистика боюнча, коңшу өлкөдө 12 706 адамга вирус жукканы белгилүү болду. Ал эми 58 адам каза болгону айтылат. Оорудан айыккандар тууралуу бүгүн маалымат айтыла элек, кечээ 7 723 адам сакайганы малымдалган.
Азия өлкөлөрүнүн ичинде Өзбекстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталып турган. Бирок соңку күндөрү жаңы учурлар көп каттала баштады.
Алсак, 7-июлга чейин COVID-19га кабылган өзбекстандыктардын саны 10 587 адамды түзүп, 6 690 бейтап сакайып чыккан. Анын арасынан 40 адам каза тапкан.
Өзбек бийлиги Кыргызстандагыдай пневмония боюнча өзүнчө маалымат бербейт.
Белгилей кетсек, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 10-июлдан 1-августка чейин катаал карантин киргизилген. Ага ылайык. кийинки жумадан тарта дем алыш күндөрү автотранспорттун бардык түрүнө жүрүүгө тыюу салынды. Чартарачкана, сулуулук салондору жабылып, ички аба каттамдары, темир жол каттамдары токтотулду. Ал эми 65 жаштан жогорку курактагыларга үйдөн чыкпоо сунушталды.
Булак: NazarNews.kg