www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан медициналык максатта кара куурай өстүрүп, колдонуу үчүн мальталык компания менен келишим түздү. Мальтанын “Мелабис” компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кара куурай Сырдарыя облусунун Сардаба районундагы 3000 гектар жерде өстүрүлөт. Бул тууралуу 26-ноябрда Өзбекстандын маалымат каражаттары өкмөткө таянып жазышты.

"УзА" маалымат агенттиги кабарлагандай, өндүрүлгөн продукция негизинен чет өлкөлөргө экспортко кетет. Ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу максатында алгач 33 миллион доллар көлөмүндөгү инвестиция салынат.

Ошондой эле, Сырдарыя облусунда жогорку технологиялык завод жана продукцияны иштеп чыгаруу үчүн тиешелүү лабораториялар курулат. Курулуш иштери үчүн жүздөй жаңы жумушчу орун пайда болот деп болжолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости