www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдиль Байсалов жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү менен болгон маегинде Конституциялык кеңешменин иши тууралуу айтып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жеке пикирин ортого салды.

Кеңешменин мүчөсү катары ал өз сөзүндө конституциялык реформаны жана башкаруунун президенттик формасы кайтып келишин колдой турганын белгилеп:

«10 жыл бою  биздин мамлекетте кандуу эксперимент жүргүзүлдү. Бул эксперименттин жыйынтыгы – азыр биз өтө чоң туңгуюкка түшүп калганыбыз. Аңга түштүк. Биз азыр эң жакыр мамлекеттердин бирибиз. Жакыр мамлекетте кайдагы парламенттик демократия? Болбойт. Биз 25 жылдан бери Конституция деп эле келе жатабыз. Качан биздин саясатчылар медицина, билим берүү, жумушсуздук же элге керектүү башка темаларды талкуулайбыз?»- деди Байсалов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости