www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда милициянын подполковниги Дилшод Акрамовду өлтүргөн киши өз жанын кыйганы кабарланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигиндеги айрым булактар жана Акрамовдун туугандары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришти. Аты-жөнү айтылбаган бул шектүү оорукананын терезесинен боюн таштап, андан алган жараатынан мерт болду.  Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшод Акрамов 4-августта иш бөлмөсүндө бычакталып өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Аны өлтүрдү деп шектелген киши подполковниктин кол алдында иштеген милиция кызматкери экени аныкталып, ал атайын операциянын жүрүшүндө кармалып, ооруканага жеткирилген. Маалыматтарга караганда, Акрамов да коргонуу үчүн ага эки-үч жолу бычак урууга үлгүргөн.

Шектүүгө карата “Мыкаачылык менен атайлап киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

40 жаштагы Дилшод Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости