www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда 2024-жылга чейин социалдык жана өнөр жай инфраструктурасын жакшыртуу программасынын алкагында инфраструктураны өнүктүрүүгө 76 триллион 881 миллиард сум (азыркы курс боюнча 7 миллиард доллардан ашык) бөлүнөт.

Бул программаны президент Шавкат Мирзиёев 22-январда кол койгон "2022-2024-жылдары социалдык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү чаралары тууралуу" жарлыгы менен жактырган.

Программада 2024-жылга чейин өлкөдө 54 230 жалпы билим берүү мекемесин, 8 358 жергиликтүү жогорку окуу жайын, 259 101 билим берүү мекемесин, 248 спорттук залды, 88 310 мектепке чейинки мекемени жана 24 213 жергиликтүү саламаттык сактоо жайын пайдаланууга берүү каралган.

Президенттин жарлыгы менен Социалдык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча республикалык комиссия түзүлдү. Ал программага катыша турган министрликтердин, мекемелердин, бизнес-ассоциациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо менен алектенет.

Документ программанын алкагында пландаштырылган каражаттарды ички булактардан алынган зайымдар менен тышкы насыяларды жабууга жана алар боюнча пайыздарды төлөөгө, ошондой эле объектилердин курулушу үчүн насыларды бөлүүгө тыюу салат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости