www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кышкы Олимп оюндарына Кыргызстандан ким барат?

Кытайдын Пекин шаарында өтө турган кышкы Олимп оюндарына Кыргызстандан бара турган делегациянын курамы белгилүү болду. Олимпиада 4-20-февраль күндөрү өтөт.

Кыргызстандан жолдомо алган жалгыз спортчу Максим Гордеев (тоо лыжасы) 16-февралда жарышка чыгат. Спортчунун жанында машыктыруучусу Игорь Борисов да болот.

Кыргызстан делегациясынын курамы:

- спортчу Максим Гордеев;

- машыктыруучу Игорь Борисов;

- миссия шефи Чолпон Жумагазиева (Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери);

- Улуттук олимп комитетинин президенти Садыр Мамытов;

- Улуттук олимп комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости