www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев билдирди.

"Бул мыйзам долбоору боюнча аябай көп талаш жаралган. Биз эки жолу президенттин артка кайтаруусуна макул болгонбуз. Үчүнчүсүндө ал такыр кереги жок деп тааптыр. Мен ар дайым буга каршы добуш берип келгем. Жыйынтыгында менин позициям туура болуп чыкты. Бул мыйзам долбоору министрлер кабинетине, президентке же дагы башка бирөөгө кереги жок. Ушул үчүн урушуп-талашып, канчалаган убакытты жөн гана кетирдик", — деди Бекешев.

Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорун былтыр ошол кездеги экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров демилгелеген. Анын айтымында, бул сунуш пандемиянын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасиринен улам берилген. Ал өзгөчө кырдаал режими министрлер кабинетине салык ставкаларын жана салыктык администрациялоону өзгөртүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда бюджетти парламенттин уруксатысыз бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүргөн.

Кээ бир эксперттердин пикиринде, чукул кырдаал режиминде мамлекеттик органдар бизнес-объектилерди жабууга, ошондой эле бир миллион сом айып салууга мүмкүнчүлүк алышат. Бизнес-коомчулук президентти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости