www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жуманын башында Шотландиядагы аукционго биздин заманга чейинки VI кылымда жасалган статуэтка коюлду. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди.

Адистердин айтымында, 1962-жылы Сурхандарыя облусундагы археологиялык казуулар маалында табылган статуэтка Самарканддагы музейден уурдалып, Өзбекстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен. 

Сурхандарыя облустук маданий мурастар башкармалыгынын башчысы Абдумалик Турдиев аукционго коюлган статуэтка биздин заманга чейинки VI кылымда байыркы Согдианада жасалганын билдирди.

“Бийиктиги 10 сантиметр, туурасы 5 сантиметрди түзгөн сары статуэтка чоподон жасалган. 1991-жылдагы инвентаризациялоо маалында ал музейде болчу. Анын кандайча шотландиялык жеке коллекционердин колуна тийип калганын аныктап чыгуу керек”, – деди Турдиев.

Аукциондун уюштуруучулары статуэтка сатыкка мыйзамдуу негизде коюлганын билдиришүүдө.

Эстеликтер боюнча адис Сурайё Барноева Шотландиядагы аукционго коюлган статуэтка Өзбекстандан чыгарылып кеткен деп эсептейт.

“Аны Өзбекстандан чыгарып кетишкен. Бирок анын Самарканддагы музейде турган статуэтка экендиги боюнча бизде далилдер жок. Ушундай эле статуэткалар Термездеги жана Илимдер академиясындагы музейлерде бар. Археологиялык казуулар учурунда 1203 буюм табылган. Алардын арасында ондогон статуэтка болгон”, – болгон деди Барноева.

Өлкөнүн Маданият министрлиги музей фондунда аталган статуэтканын дале сакталып турган-турбаганын аныктоо үчүн инвентаризациялоо жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости