www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын өкмөтү жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн токтом кабыл алгандыгын өзбек массалык маалыматтар каражаттары жазып чыгышты.
Ага ылайык, өлкөдө бала төрөлгөндө бардык мамлекеттик кызматтар автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Бул кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төлөө, бала бакчага кезекке туруу, баланы бейтапканада каттоодон өткөрүү.
Документке ылайык, бул кызматтар өлкөнүн аймактарында, шаарларында жана облустарында көрсөтүлө баштайт. 2021-жылдын 1-февралынан баштап бардык облустардын борборлорунда, ал эми 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бүткүл өлкө боюнча ишке кирет.
Төрөлгөн бала катталган дарегинде дароо мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик мекемесине кезекке коюлат.
Көрсөтүлгөн ар бир кызмат арыз ээсине SMS билдирүү жөнөтүү менен тастыкталат.
Булак: NazarNews.kg