www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испаниянын соту Ички иштер министрлигине уулунун өлүмү тууралуу 27 жылдан кийин уккан аялга жана маркумдун бир туугандарына компенсация төлөп берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Билдирмеге ылайык, аткаминерлердин катасынан улам энеси уулунун өлүмү жөнүндө билбей жүрө берген.
Маалым болгондой, 24 жаштагы жигит 1990-жылдын 8-декабрында Гранада шаарынын жанынан жол кырсыгына кабылып көз жумган. Кырсыктан кабары жок үй-бүлө алты күн өткөндөн кийин аны издей баштаган. Бирок бюрократиялык каталардан улам анын кырсыктан каза болгонун үй-бүлөсү 2017-жылдын 12-июнунда гана билген.
Тийиштүү органдар мунун себебин дайынсыз жоголгондор менен таанылбаган сөөктөр тууралуу маалымат камтылган полициянын базаларында координациянын жоктугу менен түшүндүргөн.
Булак: NazarNews.kg