www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Энергетика министрлиги франциялык Électricité de France (EDF), катардык Nebras Power жана жапониялык Sojitz корпорациялары Сырдарыя облусунда газтурбиналык электростанция куруу боюнча тендерди утуп алганын жарыялады.

Маалыматка караганда, үч корпорация "Өзбекстан улуттук электр түйүндөрү" менен электр энергиясын сатып алуу, каржылоо жана жаңы электростанция куруу боюнча 25 жылдык келишимге кол коюшкан.

Кубаттуулугу 1200–1600 МВт болгон айкалышкан газтурбиналык электростанция эски муундагы электростанцияларга караганда эффективдүү болот. Ал жаратылыш газын үнөмдөөгө жана көмүртектин бөлүнүн чыгышын азайтууга жол ачат.

Өзбекстан өкмөтү станция үчүн Сурхандарыя облусунун Ангор районунан 150 гектар жер бөлдү.

Станция 2024-жылы ишке берилери күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости