www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Масадыков

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстан маселеси боюнча кыргыз-орус конференциясында "афган көйгөйүн" чечүүнүн үч жолун санап берди.

"Бири — биздин батыштагы өнөктөштөр сунуштагандай калтыруу. Башкача айтканда, "Талибан"* өкмөтү 2019-жылдын этегинде АКШ президентинин администрациясы менен болгон жолугушууда берген убадасын аткаруусун күтүү жана кийлигишпей коё туруу керек", — деди Масадыков.

Анын айтымында, бул позиция туура болушу ыктымал, бирок Афганистандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү Батышка ишенбейт.

"Экинчи жолу дагы бар. Айрым эл аралык укук боюнча субъектилер (бул мамлекеттерди атабай эле коёлу) Ооганстандын азыркы өкмөтүнө каршы турууну уюштурууну талкуулап жатат. Бул жыйынтык береби же жокпу? Албетте, жок. Каршылык көрсөтүүнү уюштуруу менен кырдаалдан чыгууга болбойт", — деген ал.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары маселени чечүүнүн үчүнчү жолу бар экенин айтып, жаңы өкмөт менен диалог жүргүзүүгө аракет кылуу, кайсы бир багыттарда кызматташуу жана талибдердин өкмөтү аркылуу афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү керектигин кошумчалаган.

"Эч ким кепилдик бербесе да, муну менен абалдан чыкса болот. Баарыбыз бул ийгиликтүү болобу, жыйынтык береби деп ойлоп жатабыз. Бир гана Кыргызстан эмес Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү ушундай ойдо", — деген Масадыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости