www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы өлкөнүн кийинки жылга карата мамлекеттик бюджетин бекитти.

Каржы министри Файзиддин Каххорзода 2022-жылкы бюджеттин киреше бөлүгү 33 миллиард сомони болот деп күтүлүп жатканын, бул быйылкы жылдын бюджетинен 19% көп экенин айтты.

Бул кийинки жылы Тажикстандын бюджети 5 миллиард сомониге көбөйөт дегенди билдирет. Буга чейин бийлик эмдиги жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 7,9% көбөйөт деп күтүлүп жатканын кабарлаган.

Министр кийинки жылы бюджеттин жалпы чыгымы 33,6 миллиард сомони деп болжолдонуп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул сумманын дээрлик жарымы социалдык тармакка, анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына жумшалат. Мындан тышкары 2022-жылдын бюджетинде өлкөнүн тышкы карызын жабууга 3,2 миллиард сомони каралган.

Тажикстандын бюджети негизинен салыктын жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен толукталат. Каржы министринин айтымында, кийинки жылдын бюджетинин 70% (21 миллиард сомони) салыктар менен бажы төлөмдөрү жаба турганын билдирди.

Ишкерлер өлкөдө салык жогору экенине даттанып келишет. Эксперттердин пикиринде, бюджетти жыл сайын көбөйтүү ишкерлерге кыйынчылыктарды жаратууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости