www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо-2021: УКМК: Талапкер Баткен ооруканасында ишин улантууда

23-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын оперативдүү чара көрүү координациялык тобуна УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынан «Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары Абдурахманов Файзидин Самидинович ооруканада ишин улантып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Оперативдүү чара көрүү координациялык тобун билдиргендей, ал 3-ноябрда кызматынан бошотулган.

Бул фактыларды тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн маалымат Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча 288 талапкер жана 21 партия катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости