www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-ноябрда Өзбекстандын Ташкент облусундагы Янгиюль шаарында ондогон киши ички иштер бөлүмүнө чакырылып, сакалдарын алууга мажбурланган.

"Полиция кызматкерлери үйүмө келип, издөөдөгү бир аялдын иши боюнча сурак бересиң деп ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Ал жактан телефонумду текшерип, эч нерсе таппагандан кийин сакалымды алышым керектигин айтышты. Алгач, сакалым узун эмес экенин билдирип, макул болгон жокмун. Бирок алар анда өзүбүз кырабыз деп акыры сакалымды алууга мажбур болдум", — деди Икрам Холматов аттуу шаар тургуну.

Ал акыркы төрт айдын ичинде полиция аны эки жолу ички иштер бөлүмүнө чакырып, сакалын күчтөп алдыртышканын кошумчалады.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү активист акыркы убактарда Ташкент облусунда сакал коюп жүргөн кишилерге карата рейддер көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, акыркы бир айдын ичинде эле Янгиюль шаарында 22 киши сакалын алууга мажбурланган.

"Озодлик" радиосу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөттөгү кызматкери бул маалыматты четке какты.

– Аларды сүрөткө тартуу учурунда укук коргоо кызматкерлери сакалыңды ирээтке келтир деп айткан болушу мүмкүн. Сакалын алууга эч ким мажбурлай алмак эмес, – деди ал.

Өзбек өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча комитет жана Мусулмандар дин башкармалыгы сакал коюп жүргөн кишилерге карата рейд жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

2019-жылы укук коргоо органдары Ташкенттеги "Малика" базарында да сакалы бар ондогон кишини кармап, милиция бөлүмүнө жеткиргенден кийин сакалдарын күчтөп алдырышкан. Анда бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Быйыл февраль айында да аталган базардын соодагерлери полиция кайрадан сакалдарын алууга мажбурлап жатышканына даттанышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости