www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки өлкөнүн чек арасы аркылуу эркин каттоого уруксат берилгенден бери Кыргызстанга келип, курулуш, дыйканчылык иштерине жалданып иштеген өзбекстандыктар көбөйдү. Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иликтөөгө чакырып, тиешелүү мыйзамдар бузулса алар айып тартаарын эскертип жатат. Чек аралаш Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында иштеп жүргөн өзбекстандык жумушчуларды иш берүүчүлөр арзан акысы жана сапаттуу иши үчүн баалашат.
Мамлекеттик мифация кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев Өзбекстандан келген мигранттар көбөйүп жатканын ырастады, бирок азырынча алардын так саны эсептеле элек экенин билдирди.
Булак: "Азия ньюс"