www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парадокс. Бизде сын такчулар кокого чейин жетип кетти. Тигини деле, муну деле айтышса мурдун чүйрүп мурчуюшат десең. Дегеле эч нерсени жактырбайт. Же өзүлөрү элдин келечегине зарыл кадамдарга барышпайт. Эмнеси болсо да  көзүн таңып алып такыр жакшы нерсени көргүсү келбегендерден жадап бүттүк.

Коом деген өзгөрүүгө муктаж. Ошондуктан жакындан бери бийлик тараптан “Таза коом” деген долбоордун тушоо кесүүсүн жасоого бет алышты. Негизи бул долбоордун маңызы бар экендигин акыл калчап түшүнгөндөр туура баамдашты. Ал тургай Дүйнөлүк банк алгачкы 50 миллион долларын келечектүү долбоорго сала турганын бекемдеди. Булар деле мээсине суук тийгендер эместир да? Эгерде илгеркидей “жел долбоор” болсо каражат бермек түгүл жакын жоломок эмес.  Тилекке каршы айрым котур ташы койнунда барлар ушундан да кыр табуунун айласында болгону жанды кашайтат. Бул деген Сапар Исаковдун “көзүр картасы” дегендер да чыкты тилин бултайтып.  Деги мындай эргулдарга эмне жагат болду экен? Демилге көтөрүлбөсө бийлик неге козголбойт деп соктурушмак.  Турмуш кызык...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости