www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч кызматкери каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

44 жаштагы Нурлан Токсунбаев Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмүнүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан. Ал 28-июнда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Экинчиси – ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын кызматкери, 43 жаштагы Мухаметалы Жантаев 29-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ошондой эле ӨКМге караштуу Гидрометеорология агенттигинин Нарындагы борборунун башчысы Анварбек Иманбаев 60 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Маалыматка ылайык, азырынча кызматкерлердин өлүмүнүн так себеби аныктала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости