www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөндө 8 жашар баланы сел агызып кетип көз жумду

Оштун Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 11-май күнү, саат 13:20лар чамасында Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүргөн. Бала ошол учурда мал кайтарып жүргөн.

Тестиерди туугандары таап, ооруканага алып бара жаткан учурда каза болуп калганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости