www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык авиакомпаниялар ушул жылдын жай айынан тарта COVID-19 илдетине каршы эмделген жүргүнчүлөр үчүн бонустарды бере башташы мүмкүн.

Акциянын демилгеси Бүткүл россиялык жүргүнчүлөр ассоциациясына таандык, анын активисттери Россия Федерациясынын Транспорт министрлигине сунуш жөнөткөн.

"Известия" гезити билдиргендей, бардык ири каттамдар жүргүнчүлөрдү эмдөөдөн өтүүсү үчүн каржылык жактан стимулдаштырууга чакырып, вируска каршы эмделгендерге 500 миңден 5 миң рублга чейин бонустарды беришет.

Азырынча бул сунушка S7 Airlines компаниясы гана жооп берип жүргүнчүлөргө жеңилдик берүү программасын баштоого даярданып жатышат.

Калган компаниялар бул демилге боюнча үн ката элек.

Эске сала кетсек, былтыр россиялык авиакомпаниялар пандемиянын кесепетинен бир канча жоготууларга учураган деген маалыматтар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости