www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Ингушетия Республикасындагы атышуудан каза болгондордун арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак орусиялык басылмаларга билдирген.

"Жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталды, алар мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү", - деп билдиришкен укук коргоо органдарынан.

Укук коргоо органында иштеген ишенимдүү булактын билдиришинче, Муслим Евлоев качып кетип, анын тууганы кармалган.

Атайын операция өткөн аптада офицердин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Буга чейин Кыргызстандын атынан Азия чемпиону аталган Муслим Евлоев атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган болчу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости