www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жылан чагып, жылкы теппей» эле Назарбаев коңшулаш жаткан кыргыз элин жамандай баштады. Жапаров болсо аны туулган күнү менен куттуктады. Нурсултан Назарбаевге казак мусулмандарынын жол башчысы «Кудай» деген жогорку наам берип, Конституцияга жазып бекемдеш керек деп чөгөлөп турат. Менимче бул Жогорку муфтий сөрөй шариатты көп жакшы билбесе керек, шариатты билген мусулман болсо, Куранда жазылган кудай жалгыз ал төрөлгөн эмес, ал төрөгөн да эмес. Мухаммед пайгамбардан соң ааламды солкулдаткан нечендеген падышалар болгон, бир да бири өздөрүн кудай таанып, мыйзам менен бекемдеген эмес. Ар бир сектада өздөрүн кудай сезген дамбылдалар бар. Мындай дамбылдалар иш жүзүндө көп эле болуп келген. Ар бир агымдын, ар бир сектанын башчысы өзүн кудай сезет. Ал эмес өзүнүн аймагында же бир көрүстөндө өзүн кудай сезген дубаналар өткөн. Эми Нурсултан Назарбаевди Кудай дейли десек Кудай эмес, думана дейли десек думана эмес.

Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүндө "Бейнеге сүртүмдөр. Лидер" даректүү тасмасында эгемендик алган 30 жыл ичинде Кыргызстанда эч нерсе жасалбаганын айтты. Ал Казакстан Батыштагы демократияга умтуларын айтып, бирок азыр алар демократия жолунун башында экенин белгиледи. "Демократиянын аралы… Кыргызстан. Бизге боордош, жакын эл. Ушул 30 жыл аралыгында Кыргызстанда бир нерсе жасалдыбы?! Ар бир президентти колдоп, бул жакка чакырдым. Акча, насыя берүүнү сунуштадык. Бирок эч нерсе жасалган жок да. Ошондуктан экономика жашоонун негизи", - деди ал.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы туңгуч президентти туулган күнү жана Казакстандын борбор шаарынын күнү менен жылуу куттуктап, Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак коңшулук мамилелерди орнотууга жана бекемдөөгө кошкон жеке салымын өзгөчө белгиледи. Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук жана узун өмүр, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Мындан бир жыл мурун баңгичиликтен каза тапкан Назарбаевдин таятасы, казак элинин КУДАЙЫ болобу алардын өздөрүнүн иши. Наркоман Айсултан Назарбаевдин таятасы өзүн «кудай» деп Конституцияга жаздырган жаткан Нурсултан Назарбаевдин небереси баңгиликтин кулу болуп, өзүн токтото албай жарыкчылык менен кош айтышкан. Назарбаев Айсултан Лондондо 2020-жылы 16-августта көз жумган. Анын атасы Рахат Алиев кайынатасы Нурсултан Назарбаевден куугунтук жеп Европа жок кылынган. Назарбаев Айсултан 26-августта 30 жашка толмок. Анын энеси Дарига Назарбаева уулунун өлүмү боюнча комментарий берген, Айсултандын агасы Нурали Алиев сейрек кездешкен үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшүп, жүрөк козгоорлук видеотасманы жарыялаган.

Назарбаев Айсултан 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону айтылган. Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултан Назарбаевдин өлүмү жөнүндө «Хабар» телеканалы менен ой бөлүшкөн.

«Сара экөөбүз 1962-жылы үйлөнгөнбүз. Дарига менен Динара Темиртау шаарында төрөлгөн, ал эми Алия Алматыда туулган. Үч кыздан сонун неберелерим бар – тилекке каршы, мага абдан окшош болгон бир неберебизден айрылдык. Мен бул неберемдин ушунчалык эрте кеткенине аябай өкүнөм. Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок болчу, бирок аны кармап калуу мүмкүн эмес болчу. Ал баңгиликтин кулу болуп калган, өзүн токтото алган эмес. Биз аны Москвада дарыладык, Лондондо дарыладык.

Алиянын Алдияр деген уулу бар, мен аны аябай жакшы көрөм. Алдиярдын карындашы да төрөлдү. Азыр Дариганын кызы Венера кыз төрөдү. Бул менин чөбөрөм. Мен келгенде Алдияр мойнумдан кучактайт, «эмне алып келдиң» деп сурабайт. Мен анын шоколадды жакшы көрөрүн билем, мен ага бул жакты (чөнтөгүн көрсөтүп – ред.) кара дейм. Ушундай учурларда сен баарын унутасың», – дейт өзүн «кудай» деп Конституцияга жаздырган жаткан тунгуч президент.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости