www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун прокуратурасы 19-февралда көзөмөл органдын имаратынын алдында өзүнө өрт койгон Мукаддас Мустафаеванын ишин иликтөө үчүн жумушчу топ түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Кашкадарыя облусунун жашоочусу Мукаддас Мустафаева Карши шаарындагы облустук прокуратуранын имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Аны куткарууга аракет жасаган 60 жаштагы атасы Олим Мустафаев күйүк алып ооруканага жеткирилген. Аял жабыркаган эмес, өрт убагында өчүрүлгөн.

Мукадас Мустафаева үйүнүн сүрдүрүлүшү боюнча райондук жана облустук прокуратурага жазган арыздарга эч ким көңүл бурбагандыктан, ушундай кадамга барганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости