www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдо никеге чоң маани берилет. Күйөө албаган аял өзүн бактысыз сезет. Эгерде күйөө тапсаң анда жакшы, эгер таппасаң анда төмөнкүлөр сенде болсо - анда коркунучтуу деле эмес.

1. Чыныгы достор Достордун саны эмес сапаты маанилүү. Ар бир көз карандысыз болгон адамга да ар кандай убакытта жана кырдаалда ишене турган бир-эки дос керек. Эгерде мындай адамдарыңар болсо үй-бүлөлүк абал маанилүү эмес.

2. Сүйүктүү жумуш Азап чегүүгө убакытты короткудай, өмүр узун эмес. Акча-маанилүү, бирок жумушуңду жаман көрүп турсаң күйөөң болгон күндө да бактылуу болбойсуң. Сүйүнүп барган жумушуң болуш керек. Бул жашооңду татыктуу кылат.

3. Өзүн өзү камсыздоо. Жаныңда бирөө болсо көп нерсе жеңил болот, бирок, баары өзүңдүн колуңдан келээрин билгенден башка эч нерсе шыктандырбайт. Өзүн-өзү камсыздоо убакыт өтүшү менен келет, качан келгенде башка адамга көз каранды болбой каласың. Мамиле болобу, болбойбу айырмасы жок, өзүн-өзү камсыздоо өмүрдүн аягына чейин болот.

4. Финансылык көз карандысыздык Эмне кааласаң ошол үчүн өзүң төлөй ала турганыңды билүү өзгөчө канаатандырган сезим. Бул өтө маанилүү фактор.

5. Кызыгуу жана хобби. Жумушуңду жакшы көргөн күндө да, башка кылган нерсең канааттануу тартуулаш керек. Баарынан эс алып туруш керек, бул үчүн ар кимдин өзүнүн ыкмасы бар - спорт менен машыгуу, кол эмгек, саякаттоо. Каалаган нерсеңди кылуу, кээде, күйөөгө тийгенден да маанилүү.

6. Кадыр баркты жогору сезүү. Эмнеге татыктуу экениңди билсең, андан азга макул болбойсуң. Өзүңдү канча баалашың керек, түшүнүш үчүн көп аракет жана убакыт керектелет. Муну түшүнбөсөң, бир күнү туура эмес нерселерге же адамдарга убактыңды жана аракетиңди кетирип жүргөнүңдү түшүнөсүң. Кадыр барк сезими, жашоодо жана сүйүүдө эмнеге татыктуу болсоң, ошону ала турганыңдын кепилдиги.

7. Түрткү берчү нерсе. Сени мыкты болгонго мажбурлачу нерсе. Бул жумуш, спорт, социалдык жашоо, инсандык өсүү болушу мүмкүн. Түрткү табуу оор, бирок бир жерде турбаш үчүн табыш керек.

8. Өзүңдү өзүң каро.о Өзүңдү караш үчүн фитнес "гурусу" болуунун, же көк кофеде отуруунун кереги жок. Сенин бир эле денең бар, ал мыкты иштеш үчүн жашоо образыңды жакшы түзүшүң керек. Ден соолукта бол.

9. Үй-бүлөлүк абалыңдан көз карандысыз бакытка ээ бол. Кээ бир адамдар мамиледе болушу керек, кээси өмүр бою жалгыз деле жашай берет. Мамиледе болгон жакшы экенин моюнга алган менен, эмоционалдык абалың бирөөнүн жаныңда болушунан көз каранды экени эки башка нерсе. Бактылуу болуунун башка көп булактарын тапсаң, күйөөгө тийүү жагымдуу бонус болот. 

10. Өзүңдү чындап сүйүү. Жашоодо сүйүү жетпеген үчүн турмушка чыгуу бул айласыздык. Чыныгы сүйүү биринчи өзүңдөн башталыш керек, - деп жазат anan.kg сайты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости