www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунда күйөөсүн кызганып, үйүнөн чыгып кеткен 21 жаштагы келин дайынсыз жоголду. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, күйөөсүн биринчи аялынан кызганган келин кечээ, 15-июнда үйүнөн чыгып кеткен. Анын жолдошу 38 жашта.

«Күйөөсү биринчи турмушунан 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Ал кызын өзү багып жаткандыктан мурунку жубайы кээде алардын үйүнө барып, кызынан кабар алып турат. Келин андан кызгангандан улам телефондорун өчүрүп, үйүнөн чыгып кеткен. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан изделип жатат», - деп айтылат маалыматта.  

Булак:"Turmush"

Последние новости