www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Патрулдук тартип сакчылары дагы куткаруучу жана баатыр да болуп кетишет.  Унаада ар кандай нерселер жана көрүнүштөр болушун алар алыстан эле билишет.

Ушундай кесиптин ээси Батыш Вирджинияда  патрулдук полицейский болуп иштеген Грем рейд жүргүзүп жатканда мас абалындагы адамды көрүп, дароо токтотот. Аны менен бирге кесиптеши унаага жакындаганда үрөй учурган көрүнүшкө кабылышат.

Арткы отургучта өзүнүн кусундусуна көмүлгөн бала отурган болот.

"Мен өзүм атамын, ошондуктан ал бала ал жакта отурганын каалаган жокмун", -дейт патрулдук кызматкер.

Рулду башкарган айым баланын апасы экендиги кийин такталды. Бирок ал баласынын атын да айтууга чамасы келбей калган абалда болгон. Офицерлердин көз карашында бала абдан ооруп жаткандыгы ачык билинген. Апасын мас абалында унааны башкаргандыгы үчүн камакка алынганда, Грем баланы казармага алып келген. Ал идиш жууй турчу 

раковинага ванна кылып,  баланы жуунткан. Бала бир аздан кийин жылмайып, күлө баштаган.

Грем атайын жумуштан да суранып кетип, балага аюу оюнчугун сатып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости