www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Искендер Зулкарнайн падыша өлүм алдында:
-Мен өлгөндө мени жуугандан кийин кепинге ороп, табытка салып, менин колдорумду эки тарапка ачып койгула. Кызматчыларым көрүстөнгө менин байлыктарымды качырларга артып алып барышсын. Менин эки колумда эч нерсе жок экенин, ачык экенин жана артымдагы кызматчыларым менен байлыктарымдын бул дүйнөдө калганын адамдар көрүп, бул дүйнөдөгү байлыктардын баары бул дүйнөдө калаарын, адам оо дүйнөгө колу бош кетерин көрүшсүн. Бул жалган дүйнө эч кимди алдабасын,- деп насаат калтырып кетет.
Зулкарнайн падыша өлгөндөн кийин анын насааты өзү айткандай аткарылат. Бул насаатты окумуштуулар төмөнкүдөй түшүндүрүшкөн:
-Мен аскерлерим менен Батыш менен Чыгышты багындырдым, менин кол алдымда көптөгөн аскерлер жана кызматчылар болгон. Алардын баары мага баш ийип турушкан. Мен бардык дүйнөнү башкарып турдум. Мен сан жеткис байлыктарга ээ болдум, бирок силер көргөндөй мен мүрзөгө колдорум бош баратам, байлык түбөлүктүү эмес! Байлыктын баары бул дүйнөдө калат. Ошондуктан, бул дүйнөдө чыныгы дүйнөдө силерге ырахат алып келе турган иштерди жасагыла!
Абдыке Ымановичдин, "Кыргызым" баракчасынан алынды.
Булак: NazarNews.kg