www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан Ооганстанга абадан сокку урду

Пакистан армиясынын Ооганстандын чыгышындагы Кунар жана Пактика провинцияларына жасаган аба соккуларынан кеминде үч жай тургун каза болуп, дагы төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Ооган бийлигинин өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, соккулардан турак жайлар жана коммерциялык объектилер да жабыркаган. Ооган тарап чабуулду айыптап, жооп кайтарууга даяр экенин билдирди.

Ал эми Пакистандын Тышкы иштер министрлиги соккулар чек арага жакын жайгашкан куралдуу топтордун лагерлери жана баш калкалоочу жайларына багытталганын маалымдады.

Исламабаддын версиясы боюнча, үч бута, анын ичинде жанкечтилерди даярдоочу борбор жок кылынган жана 28 согушкер өлтүрүлгөн. Пакистан тарап жай тургундарга жана инфраструктурага зыян келтирбөө үчүн чаралар көрүлгөнүн билдирүүдө.

Последние новости