www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда каза болгон Кыргыз жараны тууралуу республикалык штабдан билдирүү таратышты.

"У.А. аттуу 1947-жылы туулган Кыргыз жараны жүрөк оорусунан каза болду. Андан COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган. Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Маркумдун башка өнөкөт илдеттери да өрчүп кеткен. Каза болгон жарандын туугандарынын макулдугу менен анын сөөгү Пакистанда жерге берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан 7 Кыргыз жараны бар. Бирөө каза болуп, алтоо обсервацияда жатат.

Эске сала кетсек, 9-апрелде Пакистандын Лахор шаарында "Таблиги Жамаат" кыймылынын мүчөсү, Кыргыз жараны коронавирустан көз жумганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан. Бүгүн, 10-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалыматты ырастады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости