www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын Жогорку Соту мурдагы премьер-министр Имран Ханды камактан токтоосуз бошотууга буйрук берди. Сот саясатчынын коррупциялык иш боюнча камакка алынышын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу Geo TV билдирди.

Жогорку соттун судьялары Имран Ханды үйүнө чыгарбоо чечимин кабыл алып, аны бир суткага Исламабаддагы полиция бөлүмүнө жөнөткөн. Андан соң ал кайрадан сотко алып келинээри белгиленген. Жогорку Сот Ханга анын үй-бүлө мүчөлөрү, достору жана адвокаттары менен жолугушууга уруксат берди. 

Маалыматтарга караганда, коомдо тынчтык орношу үчүн сот экс-премьерге саясий оппоненттери менен диалог баштоону сунуштады.

Эскерте кетсек, 9-майда Имран Хан коррупция боюнча айыпталып, полиция тарабынан кармалган.

Саясатчынын кармалышынын фонунда өлкөдө бир нече күндөн бери массалык башаламандыктар өтүп жатат.

Митингдердин жана тополоңдордун натыйжасында 140тан ашуун полиция кызматкери жана аткаминерлер жарадар болуп, мамлекеттик жана жеке мекемелерди «вандализмге, зордук-зомбулукка жана өрт коюуга» катыштыгы бар деген айып менен 1400дөй адам камакка алынган. Рейтер агенттиги тополоңдо кеминде беш киши каза болгонун кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости