www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Имран Хан Пакистандын премьер-министрлик кызматын 2018–2022 жылдары ээлеп турган. Өткөн жылдын апрель айынды ишенбөөчүлүк вотумун жарыялап кызматтан алышкан. Мындай ыкма менен кызматтан алуу Пакистандын тарыхындагы биринчи көрүнүш. 2023-жылдын октябрь айында Ханды шайлануу жана мамлекеттик кызматтарды беш жыл аралыгында ээлөөгө чектөө салышкан.
Бүгүнкү күндө ал чет элдик лидерлерден келген белектерди сатып жиберүүгө жана терроризмге айыпталууда. Аталган акыркы айып боюнча Имран Хандан тышкары дагы 17 адамга айыбы угузулган. Бирок, бир нече ирет сотко чакырууларды четке кагып, соттук процесстер жылып келген.
Пакистандын милициясынын айтымында, алар болгону мыйзам талаптарын аткарып, жогоруда аталган ишке шектүүнү сотко жеткирүү милдетин аткарып жатышат.
Булак: NazarNews.kg