www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда массалык башаламандыктар орун алууда. Буга кечээ, 9-майда экс-премьер-министр Имран Хандын камакка алынышы себеп болду. Мурдагы аткаминердин тарапташтары анын боштондугун талап кылып, "Пакистан радиосунун" кеңсесин жана бир нече аскерий базаларды курчоого алып, өрттөштү.

Ведомстволор аралык чалгындоо имаратына да чабуул жасалганы айтылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өлкө бийлиги мобилдик интернетти чектегенин, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жатканын жазышууда.

Эскерте кетсек, Имран Хан Пакистандын премьер-министрлик кызматын 2018–2022 жылдары ээлеп турган. Өткөн жылдын апрель айынды ишенбөөчүлүк вотумун жарыялап кызматтан алышкан. Мындай ыкма менен кызматтан алуу Пакистандын тарыхындагы биринчи көрүнүш. 2023-жылдын октябрь айында Ханды шайлануу жана мамлекеттик кызматтарды беш жыл аралыгында ээлөөгө чектөө салышкан.

Бүгүнкү күндө ал чет элдик лидерлерден келген белектерди сатып жиберүүгө жана терроризмге айыпталууда. Аталган акыркы айып боюнча Имран Хандан тышкары дагы 17 адамга айыбы угузулган. Бирок, бир нече ирет сотко чакырууларды четке кагып, соттук процесстер жылып келген.

Пакистандын милициясынын айтымында, алар болгону мыйзам талаптарын аткарып, жогоруда аталган ишке шектүүнү сотко жеткирүү милдетин аткарып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости