www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Надира Нарматова эки райондун акимдерин кызматтан алууну талап кылууда.

Жогорку Кеңештин 10-майдагы жыйынында ал Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери өз милдеттерин так аткарбай жатканын билдирди.

"Алар аймактарды калыбына келтирүүгө мамлекет тарабынан каржыланган 500 миллион сомду (кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам) иштете албай жатышат. Ишти уюштура албай, тамаша кылып отурушат. Өзүнүн көлөкөсүнөн коркуп, элдин тагдырын чечкенге кудурети жетпеген акимдердин жоопкерчилигин караша керек жана чекитти коюш керек. Анткени ал атасынан калган кызмат эмес. Алардын ордуна күчтүү менеджерлерди, практиктерди алыш керек. Көчөдөн келген адамдарды аким кылып коюуну токтотуу керек. Татыктуу адамдар жетиштүү", - деди Нарматова.

Эске салсак, учурда Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими, Учкунбек Жоробаев Баткен районунун акими.

Булак: NazarNews,kg

Последние новости