www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү камтыган Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси боюнча Twitter баракчасына комментарий берди.
Отмена смертной казни - это основополагающая конституционная норма, неоднократно подтвержденная общенародным голосованием. Это не временный мораторий, а осознанный выбор! Кабинет Министров будет активно стоять на защите Конституции от такого рода импульсивных инициатив. https://t.co/wLY6IBNfOx
— Edil Baisalov (@baisalov) May 12, 2023
Анын айтымында, өлүм жазасынан баш тартуу - бул жалпы элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма.
«Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо. Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден жигердүү коргойт», - деп баса белгиледи чиновник.
Эске сала кетсек, кечээ Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча «Элдик» депутаттык тобунун сунушун кароого кабыл алганы белгилүү болгон.
61 адамдан турган депутаттар тобу педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштоодо.
Бирок Кыргызстанда өлүм жазасына Баш мыйзам тарабынан тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg