www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлжигит Алыкулов

Кыргызстандын футбол курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат" клубунан кетти. Бул тууралуу аталган клуб билдирди.

Маалым болгондой, эки тарап макулдашууга келип, келишимди токтотушкан. Клуб кыргызстандык оюнчуга кенемте төлөп берүү милдеттенмесин алган.

Белгилей кетсек, Алыкулов «Кайрат» клубуна 2020-жылдын башында барган. Ал "Кайраттын" катарында Казакстандын чемпиону, Казакстандын кубогунун ээси болгон.

Алыкулов "Кайрат" үчүн жалпы 99 оюн өткөрүп, 13 гол киргизген. Ошондой эле, 9 жолу голдук пас берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости