www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандык 5 студенттен коронавирус аныкталды

Жалал-Абад шаарында чет өлкөлүк 5 студенттен COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу шаардын социялдык маселелер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышов билдирди.

Анын айтымында, алар азыр изоляцияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

«Ушул тапта окуу жайларда эс алуу башталгандыктан пакистандык 20 студент өз мекенине кетүү үчүн ПЧР анализин тапшырганда, алардын бешөөсүнөн илдет аныкталды. Алар студенттер шарчасындагы жатаканада жашачу экен. Ушул тапта аларды ошол эле жатакананын бөлмөлөрүндө изоляцияда кармалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Аларда оорунун симптомдору байкалган эмес, тагырагы дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөн эмес. Азыр алар кайда барган, кимдер менен байланышта болгондугу такталып жатат. 5 студент дагы 12 күн обочолонот. Андан соң дагы ПЧР тесттери алынат», - деди вице-мэр.

Ал буга чейин оорунун биринчи толкунунда илдетти жугузуп алган чет өлкөлүк студенттер катталганын, бирок алар бейтапканада дарыланбай, күндүзгү стацеонарларда медкызматкерлердин көзөмөлүндө болгонун кошумчалады.

21-мартка караган суткада өлкө аймагында дагы 68 адамдан COVID-19 диагнозу (коронавирус менен пневмония) менен катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости