www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Алтын-Казык конушунда Памирден көчүп келген Нурмухаммед аттуу баланы Бакыт аттуу жаран сабаган. Бул тууралуу журналист Зарылбек Шермаматов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Памирден келген туугандарды кор кылганды качан токтотобуз? Бул ооруп жаткан бала Султанов Нурмухаммедди 25-марттан 26-мартка оогон түнү сабап кетишиптир. Бетине урбаганы менен бөйрөк, боорго катуу ургулаптыр. Милицияга арыз менен кайрылышса силер бул жерде катталган эмессиңер - деп карабай жатыптыр. Бакыт деген бала сабаптыр. Дагы деле үстөмдүк кылып жатыптыр. Мыйзам чегинде сүрүштүрүп коюшса болмок. Алтын-Казык конушунда болгон окуя. Жабырлануучулар кыйналып жашашат экен", - деп жазган Шермаматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости