www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бай-Түшүм» банкынын акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети Жумабек Салымбековго өттү... Эми ал банктын 50%тен ашык акциясына ээлик кылат. 

Жумабек Салымбеков кыргызстандык ири ишкер, Бишкек шаарынын бир канча чакырылышына депутат болуп үзгүлтүксүз шайланып келе жатат.  «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун жакын туугандарынан болот.

Эске салсак, 23-мартта «Бай-Түшүм» банкынын акциялары Pettelaar Effectenbewaarbedrijf N.V. жана Multiconcept Fund Management Company S.A. компанияларына таандык болгон. Алардын «Бай-Түшүм» банкынын капиталына катышуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу акциялары сатылган.

«Бай-Түшүм» 2000-жылы каржылык фонд катары түзүлүп, кийин микрофинансылык компания болгон, 2012-жылы коммерциялык банктан лицензия алган. Максатбек Ишенбаев учурда банктын башкармалыгынын төрагасы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости